Ташиев менен Ятимов жолугушту. Эки өлкөнүн УКМК башчылары эмнени макулдашты?

Бүгүн, 29-январда «Кызыл-Бел-авто жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда аскердик кагылышууну иликтөө жана чыр-чатактын бардык маселелерин чечүүнүн жолдорун табуу зарылчылыгына байланыштуу Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын атайын кызматтарынын жетекчилеринин эки тараптуу жумушчу жолугушуусу болгонун УКМК билдирет. Жолугушууда Камчыбек Ташиев кесиптеши Саймумин Ятимов менен чек ара аймактарындагы пикир келишпестиктерди чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын атайын кызматтарынын жетекчилери чек ара чыр-чатактарынын чыгышына шарт түзгөн факторлорду жана шарттарды мындан аркы болтурбоо боюнча кошумча чараларды көрүүнү макулдашты. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк комиссияларынын ишин кайра баштоо чечими кабыл алынды.

Ташиев кесиптеши Ятимовго жекеме-жеке жумушчу жолугушуу өткөрүп, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяны талкуулоону сунуштады. Камчыбек Ташиев жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколдорго кол коюу болбой турганын белгиледи. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы да макул болду.