Ташиев Нарындын «чоңдоруна» ойлонууга 3 күн берди (видео)

Бүгүн, 25-июнда Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нарын шаарына барды.

Азыркы тапта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өтүп баштады. Камчыбек Ташиев алардын аткарган иштери тууралуу отчетун угууда.

«Кечээ Чүйдүн бүт аким, мэрлерине 3 күн убакыт бердим. Ойлонуп, мындан ары иштейм же иштебейм деп айтасыңар дегем. Же иштешиңер керек же кетишиңер керек. Жөн жүргөн болбойт! Силерге дагы ошондой талап, 2-3 күн ойлонгула. Көзүңөр жетпесе иштен кеткиле”, — деди УКМК төрагасы.