Ташиев өлкөдөгү эң бай адамдардын атын атады

Бүтүндөй өлкө боюнча ири соода-сатык комплекстеринин ээлери — өлкөнүн эң бай адамдары. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Булар Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алканов жана башкалар. Алар бул иштен чоң киреше алганы белгилүү, базарлардан эбегейсиз зор байлыктарды топтошту. Мамлекетке, коомго, кол алдындагыларга мамилесин өзгөрткөн жок. Дагы эле байлыктын артынан түшүп келе жатат», — деди ал.