Ташиев: «Орто-Токой суу сактагычы өзү да, аны башкаруу да толук бизде»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Үңкүр-Тоонун жанында жайгашкан айыл тургундары менен жолукту. Анда жашоочулардын Орто-Токой суу сактагычы боюнча суроосуна жооп берди.

«Орто-Токой суу сактагычынын астындагы жер биздики. Суу сактагыч өзү, аны башкаруу да толук бойдон бизде. Бирок биз өзбек тарапка астындагы жер биздики болгону менен үстүндө суу турбайбы деп айттык.  Биз ал жакка эгин эге албайбыз, же үй сала албайбыз. Жерибиз ээленип турат. Суунун 5% биз колдонобуз, 95% силер колдонуп атасыңар деп түшүндүрдүк. Алар муну тушүнүү менен кабыл алып,  ордуна башка жер алдык. Ал жерлер бизге өттү. Бирок суунун асты дагы деле биздики. Суу буларга керек болбой калганда, сууну кое беребиз дагы астындагы жерди колдоно беребиз»,- деди Ташиев.  

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиевдин «Орто-Токойдун эсебинен Өзбекстандан жер алдык» деген сөзү коомчулукта кооптонууну жаратууда. Көпчүлүк бул сөздү «суу сактагыч коңшу өлкөгө өтүп кетти» деген мааниде кабыл алышты.