Ташиев өз үйүн таштоого аргасыз болгон жабырлануучуларга жолукту

Бүгүн, 18-сентябрь күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын кол салуусунан өз үйүн таштоого аргасыз болгон жабырлануучуларга жолукту.

Анда чек арага чектеш райондордун тургундары тарабынан алардын көйгөйлөрү, коопсуздугуна байланыштуу суроолор талкууланды. УКМКнын төрагасы чек арага байланыштуу маселелер өлкө башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө экенин жана аларды чечүү боюнча коңшу мамлекет менен керектүү сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын айтты.