Ташиев: «Өзбекстанга берилип кеткен 19,2 миң гектар жердин 8 миңин гана кайтарып ала алдык»

Мындан 65 жыл мурун Кыргызстандын 19 миң 200 гектар жери Өзбекстанга туруктуу пайдаланууга берилип кеткен. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

«1956-жылдын 26-июнунда Ала-Бука районунун Биринчи май сельсовети совхоздун 642 адам катышкан жалпы чогулушунда Кыргызстандын 20 миң гектар жерин Өзбек ССРине туруктуу пайдаланууга өткөрүп берүүгө макул болуп кол коюшкан экен. Ошол участокту 19 200 га деп атышат, ал иш жүзүндө 15 миң гектар экен. Биз 19 миң 200 гектардын баарын кайтарып ала алган жокпуз, ага күчүбүз жеткен жок. Аткарылбай калган шарттардын эсебинен 8 миң гектарын кайра кайтарып алып атабыз. 8 миң гектарды Күлпөк-Сай, Беш-Таш, Чоң-Сай айылдарынын ар бирине жайыт болгондой кылып, айылды жээктеп бөлүп беришин сурап жатабыз», -деп билдирди Камчыбек Ташиев.