Ташиев Парижде өтө турган жайкы олимпиада оюндарынын катышуучуларын кабыл алды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарында Кыргыз Республикасынын атынан чыга турган дзюдо, бокс, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча курама командалардын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушту.
Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда УКМК башчысы олимпиада оюндарына катышуучу спортчуларга ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде катышуучулар спорттук шаймандарды сатып алуу, спортчуларды жана машыктыруучуларды окуу-машыгуу жыйындарында жана мелдештер учурунда каржылык колдоо боюнча бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Камчыбек Ташиев 2024-жылкы Жайкы олимпиада оюндарына катышуучу улуттук курама командаларга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Ал эми спортчулар тарабынан айтылган бардык суроолор тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каралып, мындан аркы иштерде эске алынаарын белгиледи. Олимпиада оюндарынын катышуучуларына дем-күч берүү жана материалдык колдоо иретинде президенттин тапшырмасы менен УКМК төрагасы аларга акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырып, кыргызстандык спортчулар жеңиштерге жетип, мекенине байгелүү медалдарды алып келээрине ишенимин билдирди.
Ошондой эле, спортчулар менен болгон жолугушууда Камчыбек Ташиев бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында заманбап спорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңы спорттук объектилерди куруу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады: «Анткени аймактын жашоочулары менен болгон жолугушуулар ар бир муниципалитет дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекске муктаж экенин көрсөттү», — деп билдирди.
Маалымат үчүн: Бекитилген акыркы тизмени эске алуу менен Кыргыз Республикасы 2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарына он алты жолдомо алды.