УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү, байлыгы такталганын айтты.
«Мына, кызматкерлери «биз айына 50дөн 100 миң долларга чейин берип турчубуз» деп айтып атат. Мүлкүнүн баарын конфискациялап, сот жообуна тартабыз. Алтынбек мындан кийин эң жакыр адамдардын бири болот. Сотко кичине тыйын берип коюп, кайра чыгып ойноп жүрбөйт. Бүттү, андай убак өттү», – деди Ташиев Ошто өткөн жыйында.
УКМК буга чейин маалымат таратып, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы жана анын орун басары кармалганын билдирген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдуваповдун жана анын орун басары Кыдыргычовдун электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган.