Ташиев: «Сапатсыз кылып курбай эле койгула. Жолдун ар бир метринин сапаты текшерилет»

Бүгүн, 22-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат-Раззаков жолундагы абал менен таанышты.

«Жолдун сапатына укмуш көңүл бургула. Жолду сапатсыз курулгандан көрө курбай койгон жакшы. Мамлекеттин акчасын кетирип, 1-2 жылдан кийин кайра талкаланып, анан дагы ошончо акча кетиргенден көрө курбай койгон жакшы. Жолдун ар бир метри сапаттуу курулушуна көзөмөл кылабыз», — деди Ташиев.