Бүгүн, 11-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылындагы 2 тургунга жаңы үйдүн ачкычтарын тапшырды.
Ушул жылдын июль айында аталган аймакта сел жүрүп, турак-жайларды жараксыз абалга келтирген болчу. Жалгыз бой эне, 4 баланын апасы Айзат Акбаева жана айылдын дагы бир тургуну Салмоорбек Утуровго Таймурас Ташиев өз каражатынан жаңы турак үйлөрдү куруп берээрин айтып, курулуш иштери мындан эки ай мурда башталган. Камчыбек Ташиев алгач Айзат Акбаевага айыл аксакалдарынын катышуусунда жаңы үйдү тапшырды. Андан соң, Мады айылынын тургуну Салмоорбек Утуровго да айылдыктардын катышуусунда жаңы турак үйдүн ачкычын Камчыбек Ташиев тапшырды.
«Элибиздин башына кандай гана көйгөйлөр келбесин, биз ар дайым колубуздан келген жардамыбызбы берүүгө милдеттүүбүз. Мен балдарыма ар дайым эл-журтка күйүмдүү болууга, мүмкүнчүлүккө жараша жардам колун сунууга чакырып келем жана Тай-Мурас уулумдун бул мекендештерибизге жасаган кызматы үчүн ыраазымын», — деди Камчыбек Ташиев.
Эки турак-жай тең жашоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. 5 бөлмөлүү үйлөр кыска убакытта, сапатына өзгөчө көңүл буруу менен курулду. Жаңы үйлөрдүн ээлери жана айыл тургундары ыраазычылыгын билдиришип, ак батасын берди.