«Ташиев тажик тарап менен жолугушкандан кийин абал турукташа баштады». Кулунду айылынын тургуну соңку кырдаал тууралуу

Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын тургунумун деп өзүн тааныштырган адамдын видеосу интернетке тарап жатат. Анын айтымында, 1-май саат 22:00гө карата абал турукташты.

«УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен жолугушкандан кийин абал турукташа баштады. Тажиктер аскер кызматкерлерин жана оор техникасын алып чыгып кетип жатат. Бишкек жана Оштон келем деп жаткандарды угуп жатабыз, жолго чыкпоого чакырабыз. Жөнөтүлүп жаткан гумжардамга ыраазычылык билдиребиз», — дейт ал.