Ташиев Тажикстандын чек арачылары менен эмес, чоочун жарандар менен конфликт болгонун айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Тажикстандын чек арачылары менен эмес, чоочун жарандар менен конфликт болгонун айтты.  

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров БУУда сүйлөгөн сөзүндө «2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү биздин аймагыбызга негизсиз эле масштабдуу агрессия жасады. Ушул жылдын 14-, 15- жана 16-сентябрында Кыргызстандын түштүгүндө масштабдуу аскердик кагылышуу болду. Мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, тажик тарап чек аранын бардык периметри боюнча чабуул жасады» деген болчу.