Ташиев: «Такталбаган 1 гектар жерибиз гана калды. Ал Чечме булактын айланасы»

Бүгүн, 31-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасы толук бойдон такталып бүтүп калганын билдирди.

«Эмнеге толук бүткөн жок? Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүндө Чечме деген булагыбыз бар, билесиздер. Ал булак болгону 2 гана сотых жерди ээлейт экен. Ошол жерде такталбаган 1 гектардай жерибиз калды. Ал жерде былтыр эле ызы-чуу, уруш-талаш болгон. Дагы ошондой ызы-чуу болбосун деп, ал жерди кое туруп, башка жакты чече берели деп макулдаштык. Чечмедеги бир гектардан башка жерлер такталып бүттү. Мындан ары такталбаган  жер, талаштуу жер деген түшүнүк болбойт. Бул Кыргызстандын жери, бул Өзбекстандын жери, бул чек ара деген гана сөз болот. Мындан ары баары алмашуу жолу менен гана болот. Бир сотых жер болсо дагы алмашуу жолу менен бүтүрөбүз», -деди Ташиев. 

Ал ошондой эле Аксыдагы жайлоого чыга турган жолдун 3 чакырымы Өзбекстанга өтүп кеткенин белгилеп, бул боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн айтты.

«Аксы районунда жайлоого чыга турган жол бар экен, анын 3 чакырымы Өзбекстанга өтүп кетиптир. Эми биздин малчылар жайлоого жетиш үчүн 30-40 км айланып жүрүш керек экен. Ошол 3 км жерди бизге бергиле, бул үчүн башка жактан 10 гектар жер кошуп берели деп атабыз. 

Мындан ары чек ара өзгөрө турган болсо, элдин жана мамлекеттин каалоосун эске алып, алмашуу жолу менен жүргүзөбүз. Жер, суу баары мамлекеттики. Демек мамлекет Ала-Букадан берген жерин Сузактан алышы мүмкүн, Өзгөндөн берген жерин Аксыдан алышы мүмкүн», -деп белгиледи Ташиев.