Бүгүн, 12-ноябрь күнү Талас шаарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлери үчүн салынган спорт залын көрүп чыкты.
Төрага спорт залында түзүлгөн шарттар менен таанышып, ар бир кызматкер спорт менен жакын болуусу керектигин белгиледи. Ошондой эле, коопсуздук кызматкерлеринин дени сак жашоосу, алардын кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруусуна себепчи болоорун кошумчалады. Аталган имаратта волейбол, баскетбол аянтчасы жана кошумча машыгуу залы каралып, тийиштүү жабдуулар орнотулган.
Спорт залды курууга президенттик фонддон 50 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Курулуш иштери 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталып, 2024-жылы бүткөрүлүп, май айында пайдаланууга берилген.