Ташиев УКМКнын Бишкектеги Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачты

Бүгүн, 12-сентябрда УКМК башкы башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Имараттын ачылышына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев, УКМКнын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты. Мамкомитеттин жаңы имараты толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Генерал-полковник башкы башкармалыктын кызматкерлерин куттуктап, республиканын жетекчилиги тарабынан мындан ары да мамлекеттин көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү, улуттар аралык биримдиги жана ынтымагы үчүн күрөштүн алдыңкы катарында турган ата мекендик атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөрүн белгиледи. Ошондой эле, Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздук органдары мындан ары да Ата мекендин кызыкчылыгы үчүн жан дили менен кызмат кылып, республиканын жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички саясий курсун сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын белгиледи.