Ташиев УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратын ачты (сүрөт)

УКМКнын Чүй облусу боюнча Жайыл райондук бөлүмүнүн имараты ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бүгүн, 19-октябрда Кара-Балта шаарында УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратынын капиталдык оңдоодон кийин расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү, Жайыл районунун акими жана башкармалыктын өздүк курамы, ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон заманбап эмеректер менен жабдылган.

Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады.