Ташиев УКМКнын Лейлек райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды

Бүгүн, 6-июлда УКМКнын Баткен облусундагы Лейлек райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Камчыбек Ташиев катышып, атайын кызматтын жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды. Куттуктоо сөзүн сүйлөп, имараттын шарттары менен таанышып чыкты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын ардагерлери жана жергиликтүү башкармалыктын өздүк курамы катышкан иш-чаранын жүрүшүндө тапшырмалар жана талаптар да эске салынды.
Жылдын аягына чейин УКМКнын өлкө ичиндеги бардык аймактык бөлүмдөрүн жаңылоо иштери аяктаарын Камчыбек Ташиев билдирди. Түзүлгөн шарттарга жараша атайын кызматка коюлган талаптар дагы күчөтүлүп, өлкө коопсуздугун камсыз кылуу багытында зарыл болгон иш-аракеттерди күчөтүү жагы үзгүлтүксүз ишке ашырылат.