Ташиев УКМКнын Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачты (сүрөт, видео)

Бүгүн, 25-декабрда УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү, Москва районунун акими, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон эмеректер менен жабдылган. Ушуну менен тийиштүү кызматтын Чүй облусу боюнча бардык бөлүмдөрү жаңыланып бүттү.

Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады. Аны менен катар төрага өлкө аймагындагы ири жана чакан базарларда жерге болгон ижара акылары 30%дан 50%га чейин төмөндөтүлгөнүн белгиледи. Деген менен базарлардагы шарттар канааттандырарлык эмес экени айтылып, ички башаламандыктарды жоюу, соодагерлерге керектүү шарттарды түзүп берүү жана инфраструктураны жакшыртуу талабы күчүндө тургандыгы айтылды.