Ташиев улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлерине күбөлүктөрдү тапшырды

Бүгүн, 17-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын-УКМКнын мурдагы төрагалары, генерал наамындагы экс-орун басарлары менен жолугушуу өткөрдү.

УКМК төрагасы тарабынан чакырылгандардын баарына, коопсуздук органдарынын ардагерлерине жаңы үлгүдөгү өздүк күбөлүк тапшырылды. Алардын арасында Т.С.Айтбаев, Ф.Ш.Кулов, Б.Ч. Жанузаков, Б.Б.Табалдиев, Ш.Э.Атаханов, Т.К.Алмаматов, М.Ж.Ниязов жана башкалар бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев экс-жетекчилерге бүгүнкү күндө өлкөнүн коопсуздугун жана мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу боюнча күч органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыздоо, коомдун, анын ичинде эмгек ардагерлеринин жана укук коргоо органдарынын — пенсионерлердин муктаждыктарын канааттандыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Улуттук коопсуздук министрлигинин (УКМ)- Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) — УКМКнын экс-жетекчилери менен жолугушууда улуттук, регионалдык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу көйгөйлөрү, өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча улуттук атайын кызматтардын алдында турган милдеттер талкууланды.

Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында мамлекетте болуп жаткан реформалардын жүрүшү жана ишке ашырылышы, дүйнөдөгү глобалдуу өзгөрүүлөргө байланыштуу көйгөйлөрдү жеңүүнүн келечектүү жолдору, ошондой эле мында күч органдарынын гана эмес, бүткүл күч блогунун ардагерлеринин ролу, коомдук-саясий түзүлүштөр менен өз ара аракеттенүүсү боюнча маселе козголду.

Атайын кызматтардын мурдагы жетекчилери акыркы 4 жылда өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, республикадагы социалдык-экономикалык бакубаттуулукту жогорулатууну, ошондой эле өлкөнүн жогорку аскердик-саясий жетекчилиги тарабынан улуттук коопсуздукту, укук тартибин, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү коргоону камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды жогору баалашты.

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, мында УКМКнын азыркы жетекчилигинин ролу Ташиевге өлкөнүн президент тарабынан жогорку аскердик генерал-полковник наамы ыйгарылгандыгы өзгөчө баса белгиленди. Ардагерлер атайын кызматтын башчысын генерал-полковник аскердик наамынын ыйгарылышы менен куттуктап, ар тараптуу колдой тургандыктарын билдиришти.

Ошондой эле, УКМК башчысынын коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо маселелерин чечүүдө, укук коргоо органдарынын ардагерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө жана коомдун бардык каалоолоруна аяр мамиле жасап, аткарган иштерин жогору баалашты.