Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштөн 120 миллиард сом топтогонун айтты

Бүгүн, 27-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштөн 120 миллиард сом топтогонун айтты.

«Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштө 120 миллиард сомго чейин акчаны топтодук. Бул эмне деген акча?! Мына Райым (ред. Матраимов) кечээ качып кетти эле. Анын Ош облусундагы жана Бишкектеги конфискацияга алынган байлыгы 80 миллион долларга барып калды. Ишканалар, курулштар, жер тилкелер, завод-фабрикалардын баарын алып койгон», — деди ал.