Ташиев «уюшкан кылмыштуулукту түп тамыры менен жоёбуз» деди

«Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлдү». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Уюшкан кылмыштуулукту түп тамыры менен жоёбуз. Кыргыз мамлекетинде эч кандай уюшкан кылмыштуулук болбойт. Кайсы бир аймакта топтун мүчөлөрү калып, уланта турган болсо, ошол жердеги жетекчи жооп берет. Түп тамырынан бери жоёбуз. Акыл-эсиңерге туюп алып, аткаргыла», — деди УКМКнын төрагасы.