Ташиев үйү жок 65 жаштагы апага 1 бөлмөлүү батир белек кылды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 1958-жылы туулган Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Туз айылынын тургуну 65 жаштагы Марипа Мамбеталиевага бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Буга чейин Марипа Мамбеталиева үй-бүлөлүк оор шартына байланыштуу, Бишкек шаарындагы батирлерде көчүп конуп жашап жүргөн. 2 кыздын жана 2 уулдун апасы. Жолдошу жана бир уулу каза болгондуктан, неберелерин өз кароосуна алган. Андыктан турак-жайы жок жалгыз бой апа Ташиевден жардам сурап кайрылган.

Жыйынтыгында Марипа Мамбеталиеванын суранычы канааттандырылып, Камчыбек Ташиев ага борбор калаадан бир бөлмөлүү батир белек кылды. Мындан ары Мамбеталиева аталган үйдө неберелери менен жашай тургандыгын айтып, УКМК төрагасына ыраазычылык билдирди.

Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү маалыматтык системасынын маалымат базасынын маалыматы боюнча Мамбеталиеванын жана анын жакын туугандарынын буга чейин бир дагы кыймылсыз мүлкү катталган эместиги тастыкталган.