Ташиевдин атынан 11 ымыркайга сүйүнчү пул берилди

Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунда төрөлгөн 11 наристеге 100 миң сом жана төрөттөн кийин керектелүүчү каражаттар берилди. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин аманатын депутат Айбек Маткеримов төрөт үйүнүн жамааттары менен биргеликте тапшырды.
Жаңы төрөт үйүндө көз жарган онунчу келин эгиз кыздуу болгон. Таш-Көмүр шаарынан келген Бермет Асанбекова наристелеринин ысымын Айыма жана Элима деп атады. Анын эки наристесине дагы генералдын атынан 200 миң сом сүйүнчү берилди.
15-майдан иштеп баштаган Алийма Ташиева атындагы төрөт үйүндө эки сутка ичинде 15 келин көз жарды. Учурда эне жана балдардын ден соолугу жакшы. Сыйлык алгандардын баары Камчыбек Ташиевге жана дарыгерлерге ыраазычылык билдиришти. Баатыр эне Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунда жарык дүйнөгө келген наристелерге Камчыбек, Кыдырша, Алийма, Садыр аттуу ысымдар коюлган.