«Ташиевдин «балдарына» кармалып калбагыла». Акылбек Жапаров сот аткаруучуларга эскертүү кылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 22-декабрда Сот депаратементине Кытайдан 92,1 миллион сомго сатып алынган 47 унааны тапшырды.

“Анан Камчыбек Кыдыршаевичтин «балдарына» (ред. УКМКнын кызматкерлери) кармалып калып, бизди уят кылбагыла”, — деди ал. Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков күлүп, андай болбой турганын убадалады.

Буга чейин УКМКнын төрагасы «Соттор акча алып чечим чыгарарын коомчулуктун баары билет» деген.

«Алар параны кайдан алышат? Биз акча алгандарын кармоого аракет кылып жатабыз. 1 жыл аралыгында болгону 5 сотту кармадык. А биздин өлкөдө 500 сот бар. Алар миңдеген чечим чыгарышат. Алардын көбүнөн акча алышат. Биз ага чара көрүшүбүз керек», — деген болчу.