Ташиевдин көрсөтмөсү менен Ооганстанга дары-дармек жеткирилди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү менен 24-июнда Ооганстанга дары-дармек жеткирилди. Ооган элине гуманитардык жардам атайын борт менен алып барылды.

Маалыматта ооган тарап көрсөтүлгөн жардам үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдиргени айтылат.