Ташиевдин Өзгөндө эл менен жолугушуусунда «дүжүр» каналдар сынга кабылды

Бүгүн, 25-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Өзгөндө эл менен жолугушуусунда айрым телеканалдарга карата сын айтылып, кийин чыр чыкты.

Жолугушууга алпаруучулук кылган жана өзүн Мирлан деп тааныштырган жаран аларга карата минтип кайрылды: «Азыр бул жакта «дежурный» каналдар, телеканалдар турат. Элдин көйгөйүн укпайт жана тартпайт. Булар азыр мактагандарды жана кол чапкандарды тартат. Урматтуу КТРК, ЭлТР, ОшТВ жана башкалар, Аймак ТВ деген да бар, анын орусчасын айтпай эле коёюн, элге калп маалыматты жеткирип жаткандар, бийлик кыйратып жатат дегендер, бул жакка келип элдин үнүн угузуңуздар. Кетип деле калсаңыздар болот».

Андан кийин микрофонду өзүн Акниет Кеңешов деп тааныштырып, андан ары 7-канал жана Регион ТВ телеканалында иштегенин улантып, аталган телеканалдардын «дежурный» эмес экенин айтты. Бирок сөзүн чогулган эл ышкырык менен бөлүп, «жоголгула, силерди эч ким чакырган жок» деп кыйкырышып, сахнадан кубалап чыгышты. Тилекке жараша милиция кызматкерлери арачалап калышты.