Ташиевдин тапшырмасы боюнча «Оберег» реабилитациялык борборуна материалдык жардам көрсөтүлдү

УКМКнын төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен Мамкомитеттин кызматкерлери тарабынан 27-сентябрда «Оберег» реабилитациялык борборун түзүлгөн күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ташуу үчүн «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү микроавтобус тапшырылды.
Буга чейин УКМК төрагасынын атына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап, адаптациялоону үйрөткөн реабилитациялык борбордун кызматкерлери тарабынан кайрылуу келип түшкөн. Буга байланыштуу аталган борборго УКМК кызматкерлеринин атынан маал-маалы менен материалдык жана башка жардамдар көрсөтүлүп турат.
«Оберег» РБнын түптөлгөн күнүнө, ошондой эле УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин туулган күнүнө карата 27-сентябрда «Оберег» РБда өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада аталган борбордун эмгек жамаатынын өтүнүчүнө ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ташуу үчүн колдонула турган «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү микроавтобустун ачкычы, баалуу белектер, ошондой эле канцелярдык товарлар үчүн акча каражаты тапшырылды.