Ташкенттен Бишкекке учуучу авиакаттам көбөйдү

Ташкенттен Бишкек шаарына каттамдардын жыштыгы көбөйтүлдү. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан маалымдашты.

Июль айында Ташкент-Бишкек-Ташкент багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарып жатат. Бул убакытка чейин Ташкент шаарынан Бишкекке авиакаттамдар жумасына 2 жолу гана аткарылып келген.