Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамын май айынан тартып ишке киргизүү пландалууда

Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамын май айынан тартып ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Өзбекстан темир жолдору” ишканасынын сайтына жарыяланды.

Анда жазылгандай, 16-17-март күндөрү өзбек компаниясы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жол башкармалыгынын делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

«2021-жылдын май айынан тартып Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поездин бир жумада бир жолу беш айга чейин жүргүзүү макулдашылды», — деп жазылган.

Белгилей кетсек, каттам өткөн жылдагы пандемиядан улам үзгүлтүккө учураган.