Ташталган ымыркайлар. Депутат Сурабалдиева беби-бокс киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ташталган ымыркайлар боюнча беби-бокс маселесин көтөрдү.

«Дагы бир 20 жаштагы кыз ымыркайын таштап кетип жатат. Өткөн чакырылышта эле мен өкмөттөн суранып, беби-бокс киргизбейлиби дегем. Мага акча көп кетет дешкен. Кыргызстандын бир жаранынын жашоосунун баркы барбы? Бир адамдын баасы канча?» — деди депутат.

Ага эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова адам өмүрү акча менен бааланбайт деп жооп берди. «Мен да бул сунушту колдойм», — деди министр.