«Таштанды челектен таап алганы менен бөлүшкөн». Чүйдө окуучулар ууланышты

Чүйдө окуучулар ууланган факты боюнча милиция текшерүү жүргузүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-ноябрда Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынын 11 окуучусу түшкөн. Аларга тамакка уулануу диагнозу коюлган. Биринчи жардам көрсөтүшүп, үйлөрүнө жөнөтүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө ошол эле күнү болжол менен саат 11:00дө 7-класстын окуучусу таштанды полигонунда болуп, таштанды челектен баштыкка салынган момпосуй жана желим бөтөлкөдөгү таттуу сууну таап алган. Таап алганын мектепке алып барып, окуучулар менен бөлүшүп жешкен. Кесепетинен окуучулар ууланышкан. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.