Таштанды полигонуна 850 көчөт отургузулду (сүрөт)

«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын аймагына 850 көчөт отургузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2,3 гектар жерде токой тилкеси пайда болот. Бул багыттагы иштер улантылат. Натыйжада, көчөттөр санитардык полигондун көпчүлүк бөлүгүндө болот. Ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын ишке ашырат.

Буга чейин таштанды полигонундагы өрттү өчүрүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп, мындан ары аймакты жакшыртуу боюнча иш-чаралар уюштурулат.