«Таштанды салганга челек жок». Актёр Азамат Арыков Ысык-Көлдөгү көйгөйдү көтөрдү

Актёр, режиссёр Азамат Арыков социалдык тармактагы баракчасында видео жарыялап, Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштанды маселесин көтөрдү.

Маалыматка караганда, видео Үч-Чуңкур тилкесинде тартылган. «Бул жерге эс алып келгендер таштанды ташташат экен. Ал кемчиликти эске албаганда, эң сонун жер. Эс алуу бекер, бир гана акысы бар — таштанды тазалоо. Канча деген туугандарыбыз келип, тамак-ашын жеп, таштандыны түйүнчөккө түйүп таштап коюшат экен. Балдарыбыз менен таштанды тазалап туруп, эс алып баштадык. Таштанды таштоочу челек жок экен. Биз «Тазалыкка» чалып таштанды полигонунун дарегин алып, ошол жакка таштадык. Бийлик өкүлдөрү ушуга көңүл бөлүп койсоңор»,- деди ал.