Таштандыдан табылган жаңы төрөлгөн баланын ден соолугу туруктуу

Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков мурда таштанды челектен табылган балага барып, керектүү буюмдарды берди. Борбор калаадагы №1 төрөт үйүнүн маалыматы боюнча, баланын абалы туруктуу, ага дарыгерлердин тийиштүү медициналык жардамы берилген. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Мэрия жаңы төрөлгөн баланын энеси турмуштук оор кырдаалга кабылып, андан баш тартууга ниеттенген учурда төрөт үйүндө жазуу жүзүндө баш тартуу жаза алаарын, же аны каалаган убакта Бишкек шаарындагы Белорусская көчөсү 121-үй дареги боюнча жайгашкан балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна калтыра аларын эскертет.

Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө кайрылсаңыз болот:

— Свердлов району: Чүй проспекти, 28, 222-кабинет; тел. 0312 53-05-76.
— Октябрь району: Байтик Баатыр көчөсү, 17, тел. 0312 51-03-75.
— Биринчи май району: Жибек-Жолу проспекти, 495 «б» дареги боюнча, тел. 0312 67-03-86.
— Ленин району: Литвинов көчөсү, 2, тел. 0312 88-38-99 (тех. себептерден улам убактылуу иштебейт).
Зомбулуктан жана катаал мамиледен жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору: Карасаев көчөсү, 73, тел. 0312 44-25-10