Таштандыдан ымыркайды таап алган SuperTV’нын каарманы сыйланды

Таштандыдан ымыркайды таап алып, Тез жардамга өткөрүп берген SuperTV’нын каарманы пакистандык Мухаммад Закрия Хан Бишкектин Октябрь райондук администрациясынын ыраазычылык каты менен сыйланды.

«Биз таштандыдан кара баштык таптык. Абалы аябай начар болчу. Мен кошунама чалдым. Ал Тез жардам чакыруу керектигин айтты. Тез жардам 5 мүнөттө келип, милиция да чакыруу керектигин айтышты. Милиция да келди. Бир кыргыз бала футболкасын чечип берди. Ымыркай ыйлап жаткан. Мен мындайды өмүрүмдө көргөн эмесмин», — деген ал.