«Таштар кулатылат». Боом капчыгайында унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди

Архив

Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул туурасында «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Буга байланыштуу 12-апрелден 16-апрелге чейин саат 9:00дөн 15:00гө чейин поезд жана автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилери айтылды. Таш кулатуу иштери унаа жолдун 117-118-чакырымдарындагы Жел-Арык аймагында жүргүзүлөт.

Мындан улам айдоочуларды сапарга чыгууну алдын ала пландап алууга чакырат.