«Тасмадан үзүндү». Милиция интернетте тарап, кызуу талкууга түшкөн видео боюнча маалымат беришти

Кечээ, 20-октябрда социалдык тармактарга блогер Эртай Искаков видео жарыялаган. Анда жол кырсыктын видеосу көрсөтүлүп, андагы жарандын «менин атамдын ким экенин билесиңби?» деп жатканын көрүүгө болот. Бул видео коомчулукта кызуу талкуу жаратып, «Мунун атасы ким экен? Бул эмне тасмабы?» деген суроолорду жаратты. Көп өтпөй эле Милициянын кайгуул кызматы видео боюнча маалымат беришти. Андагы маалыматка караганда, бул тартылган тасмадан үзүндү.

«Жол кырсыктарын алдын алуу жана мас абалда унаа каражатын башкарган айдоочунун абалын камтыган кино тартылган. Бул видео блогер Болот Ибрагимов, Эртай Искаков, Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жана маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда тартылган кинодон кыскача үзүндү. Кино алдыңкы күндөрү кинотеатрларда көрсөтүлүшү күтүлүүдө», — дешкен.

Андан кийин видеодогу «менин атамдын ким экенин билесиңби?» деп жаткан жаран актер экенин айтып, тасма тартылып жатканын билдирди.