Татарстанда учак кырсыгы 16 адамдын өмүрүн алды. Буга байланыштуу Садыр Жапаров көңүл айтты

Кечээ, 10-октябрда Татарстанда жеңил моторлуу L-410 учагы кулады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсык республиканын чыгышындагы Мензелин районунда катталып, анда 16 адам көз жумган. Бир адам өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Жети адам ар кандай жаракат алган. 

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге жарандык учактын кырсыкка кабылуусунан улам каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

«Мензелинск районунда болгон авиакырсыктан улам каза тапкандар тууралуу оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул трагедиядан жабыркагандардын баарынын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп белгиленет телеграммада.