Балдар үйүнүн мурдагы тарбиялануучулары, учурда балдарын жалгыз чоңойтуп келе жаткан энелер СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылып, президенттен аларга көңүл бөлүүнү суранышты.
“Атым Марина. Мен балдар үйүндө тарбиялангам. Ата-энем, бир туугандарым да жок. Ошондой эле, эки баланын жалгыз бой энесимин. Бул менин кыргыз бийлигине болгон биринчи видео кайрылуум эмес. Президентке кайрылуумдун себеби, биз жер тилкеси же туруктуу жашаган үйгө муктажбыз. Ушул маселе боюнча карап, бизге жардам берүүңүздү суранат элек. Президентибизге ишенебиз”, — деди ал.
Дагы бир өзүн Шахноза деп тааныштырган аял киши өзү майып экенин, 15 жаштагы баласы дагы майып экенин айтып, өлкө бийлигинен жардам сурады.
«Атым Шахноза. 31 жаштамын. Бала кезимден майыптыгым бар. Төрөлгөндөн бери жүрөк кемтиги менен жабыркап келем. Улуу балам 15 жашта. Анын да майыптыгы бар. Өзүм жетиммин. Балдарды коргоо борборунда чоңойдум. Президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылат элем. Бизге жардам берүүңүздөрдү Туруктуу жашоого мамлекеттик ипотекалык үй менен камсыздап берсеңиз дейбиз. Биздин мындан аркы келечегибизге, ишенимдүү жашоо куру үчүн турак жайга муктажбыз. Ушуга чейин батирлеп жашап келебиз. Жолдошум каза болуп калган. Жардам бере турчу эч ким жок. Оор жашоо-шартта жашап жатабыз. Тапкан кирешебиз эч нерсеге жетпейт, жөлөк пулдун акчасын батирге беребиз. Тамак-ашыбызга араң жетет. Учурда батирге берип жаткан акчаны мамлекеттик ипотекалык үйгө берип жашасак дейбиз. Алдын-ала төлөмсүз ипотекалык үй беришсе, батирге берген акчаны ошол жакка төлөйт элек. Ушул кайрылуубузду карап бериңиздер. Биздин башка кайрыларга эч кимибиз жок. Муктаждарга жардам берип келесиз, биз дагы ошол муктаж адамдардын бирибиз. Учурда колумда эки балам бар, кичине балам 2,5 жашта», — деди Шахноза.
«Атым Элеонора. 1989-жылы туулгам. Учурда 33 жаштамын. Азыркы учурда 3 баланын энесимин. Балдар үйүндө өскөм. Президентибиз Садыр Нургожоевичке кайрылат элек. Балдар үйүндө чоңойгон балдар көп нерседен артта калып, караңгылыкта чоңойдук. Көпчүлүгүбүздүн туруктуу үй-жайыбыз жок. Өздүк документтерибиз менен көп маселе жаралууда. Балдарыбызды мектепке, бала бакчага берүүдө кыйналып жатабыз. Биздин башка таянар эч кимибиз жок, көп нерседен артта калдык. Бийликке ипотека жолу менен үй алуу үчүн кайрылат элек. Учурда батирлеп, балдарыбыз менен кыйналып жатабыз. Документибиз жок, жөлөк пул да ала албайбыз. Күндөн-күнгө жашоо-шартыбыз оорлоп бара жатат», — деди ал.