Тазабек Икрамов: «Акжол Махмудовдун машыктыруучусун сыйлык алчулардын тизмесинен чыгарып салышыптыр»

Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун машыктыруучусу Майрамбек Ахмедов президент тарабынан сыйлык бериле турган адамдардын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы спортчуларды сыйлайт, бирок сыйлыктарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү Ахмедовду тизмеден чыгарып салышкан. «Ушул адамдын аркасы менен спортчулар Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону болуп жатышат. Майрамбек Ахмедовдун мамлекетке сиңирген эмгеги эбегейсиз. Ал спортчулардын кыргыз туусун эл аралык деңгээлде көтөрүшүнө салым кошуп келе жатат. Комиссия буга чейин сыйлык алганын айтып, алып салышты», — деди Тазабек Икрамов.