Тазабек Икрамов: «Алгач ЖМКлар эмес, фейк аккаунттар менен күрөшүү керек»

«Каралоо, уят кылайын, аброй түшүрөйүн деген маалыматтар болду». Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Бул жеке адам, же сайттардан чыккан жок да. Өздөрүн көрсөтпөй чыгып жатышат. Алгач фейк аккаунттар менен күрөшүп, андан соң «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын долбоорун алып келсеңер жакшы болмок», — деди ал.