Тазабек Икрамов: «Бишкектин жолдорундагы чуңкурларга балык бакса болчудай болуп калды»

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Бишкектин жолдору боюнча маселе көтөрдү.

«Бишкектин жолдорундагы чуңкурларга балык бакса, же сууга түшсө болчудай. Бишкек-Ош жолун айтпай эле коёлу. Эмнеге жол салгандар сапатына карабайт? Бир жаан, кардан кийин чуңкур маселеси башталат», — деди ал.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев бул маселе министрликтин компетенциясына кирбей турганын билдирди.

«Бишкек-Ош жолу жөнүндө эмне айтууга болот? Ал жакта да абал ушундай», — деди Икрамов.

Бариевдин айтымында, Бишкек-Ош жолу 2022-жылы реконструкцияланган. «Көптөгөн аймактары капиталдык оңдоону талап кылат», — деди ал.