Тазабек Икрамов: «Каш жасатпасын дешсе, кыздарды да коргойбуз»

Депутат Шарапаткан Мажитованын паранжы менен узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул боюнча депутаттардын оюн угуп көрдүк.

«Мыйзам долбоорду окуйбуз. Аша чапкандык болсо, өз оюбузду айтабыз. Каршы боло турган жерде каршылыгыбызды айтабыз. Бүгүнкү күнү ар кандай жүргөндөр бар. Сакал койгон сүннөт. Алар сакалы менен коркунуч жаратпай эле. Эртең кыздар кашын жасабасын дешсе, кыздарды да коргойбуз», — деди депутат Тазабек Икрамов.