«Тазалык» ишканасында 54 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Бишкек шаар башкармалыгы “Тазалык” ишканасында көчө тазалоочу атайын техника жетишсиз болуп жатканына андагы системалык коррупция себеп деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда мэрия тараткан маалыматта жазылат.

Маалыматка караганда, 2020-жыл боюнча жүргүзүлгөн аудитордук текшерүү “Тазалыкта” 54 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу бар экенин аныктады. “Ишкананын бюджетине келтирилген зыяндын көбү мыйзамсыз сатып алууларга, күйүүчү майга жана тетикке деген акчанын себепсиз коротулушуна, жетекчилерге негизсиз акча төлөнүшүнө, алкоголдук ичимдик, тамеки жана башка ушул сыяктуу абсурддук сатып алууларга байланыштуу болгон”, — деп билдиришти мэриядан.

Соңку ай ичинде Бишкекте көчө шыпыруучуну сүзүп кетип, кийин каза болгон үч жол кырсыгы катталды.