«Тазалык»: «Тигүү цехтери калдыктарын таштанды челекке салып да коюшпайт»

«Тигүү цехтери калдыктарын таштанды челекке салып да коюшпайт». Бул тууралуу «Тазалык» ишканасы жарыялаган видеодо айтылат.

Муниципалдык ишкананын директору Жолдошбек Чуштуков түнкү нөөмөттө иштеген кызматкерлердин иши менен таанышты. Борбор калаадагы контейнер аянтчанын айланасына катуу тиричилик калдыктарына кирбеген таштандыларды (тигүү, курулуш калдыктары) ыргытып кеткен учурлар көп катталат.

Бул “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен келишим түзбөгөн ишкерлердин айынан жаралып жаткан көйгөй. Натыйжада түзүлгөн график бузулуп, бир нече чыгымдарга алып келүүдө. Ишкерлик кылган жарандарды ишкана менен келишим түзүп, шаардын тазалыгы үчүн салым кошууга чакырат.