“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кайрадан кызматтык милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу 16-апрелде борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн кызматкерлер мэр менен жолугушкан.
Кечээ, 15-апрелде «тазалыкчылар» таң эрте ишке эмес, нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар жаңы директорго болгон нааразычылыгын айтышкан. Ошол эле күнү аларга вице-мэр барып, ишканага жаңы директор дайындалганын билдирген.