«Тазалыктын» директору Рамиз Алиев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Алиев Рамиз Гюльогланович Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары кызматына 2024-жылдын 6-майынан тартып дайындалды.
Шамыралиев Жыргалбек Джумадилович ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Тиешелүү буйрукка калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койду.