«Тазалыктын» жетекчиси бүчөктү ыргытып койгон адамды уяткарды (видео)

«Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев социалдык тармактагы баракчасына тамекинин бүчөгүн ыргытып койгон адамды уяткарды.

Жетекчи үч кишинин жанына басып барып, тамекини урнага салган кишиге ыраазычылык билдирип, экинчисине нааразы экенин айтты. «Байке, сизге “Тазалыктан” ыраазычылык! Ал эми сизге нааразычылык!» — деди ал.