Технопаркта чогултулуп жаткан 3 миң 400 ноутбук STEM мугалимдерине берилет

Технопаркта чогултулуп жаткан 3 400 даана ноутбук ушул жылдын 20-январынан тартып STEM мугалимдерине бериле баштайт.  Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева бүгүн, 14-январда Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барып, мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду.

«Чогултулган ноутбуктар сыноо тестинде 5 сааттан кем эмес убакыт турду, биз бул ноутбуктарды министрликке өткөрүп берүү үчүн бардык тиешелүү документтерди даярдап койдук», – деди Технопарктын директору Касымбек Келебаев.

Анын айтымында, эки күндө 300дөй ноутбукту чогултуп, сыноо тестине коюшкан.

«Алтын Казык» программасынын алкагында ар бир мугалим акысыз ноутбук менен камсыздалат. Азыркы учурда бул ноутбуктарга «Санарип кампа», «Электрондук күндөлүк» тиркемелери киргизилип жатат. Мугалимдер бардык отчётторду электрондук түрдө тапшырууга баратышат. Ал үчүн ар бир мугалимдин жеке ноутбугу болушу керек», – деп кошумчалады Л. Самыкбаева.