Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

«Айт арапасында Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келген күнү элчиликте «Сыймык келе жатат, эртең Варшавага өтуп кетет экен» деп жарыялап калышты. «Сыймык келсе, жакшы экен, күтөбүз» деп күтүп отурдум». Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасына жазды.
«Ичимден бир ой да кетти «Камчыбек Бишкекке келсе, Сыймык Берлинге келип, андан ары Польшага өтүп кетсе, эл “булар дагы эмнени баштаганы жатышат?” деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым. Польшада «цветная революциянын борбору» бар экенин угуп жүргөндүктөн, тынчым ого бетер кетти. Бирок эшик ачылганда, биз күткөн Сыймык эмес, Сыймык Бейшекеев кирип келди.
Ошентип, Сыймык Бейшекеев менен биринчи жолу жүз көрүшүп, тааныштык. Ал тууралуу мурда көп угуп жүрчүмүн. Садык Шер-Нияз анын «Күзгү нөшөр» деген ырынан абдан таасирленип, көп угарын айтып калчу. Ал тургай «Ушул “Күзгү нөшөр” боюнча өзүнчө кино тартса болот» деп да белгилеп жүрчү. Кыргызда «атына заты жарашкан» деген сөз бар. Сыймык Бейшекеевге бул аныктама толук туура келет экен деп ойлоп калдым. Сыймык Бейшекеев — куру эффект куубаган, ырды чын дилден аткарган ырчылардын бири. Ал татаал аранжировкалар же шаңдуу шоу менен угармандарды таң калтырууга умтулбайт. Анын башкы куралы — сезим. Анын ырлары — ар бир адам жүрөгү менен сезе турган абал. Ал адам менен түз сүйлөшүп жаткандай ырдайт.
Сыймык Бейшекеев — кыргыз эстрадасында салт менен байланышы үзүлбөгөн багыттын өкүлү. Бул жерде обон формага караганда маанилүү, ал эми маңыз сырткы эффекттен жогору турат. Ошондуктан анын ырларын бир эле жолу эмес, кайра-кайра уккуң келет. Угармандар арасында ал жөнүндө жөнөкөй эле айтышат: «элдик ырчы». Мен элдик ырчы менен таанышканыма сыймыктандым», — деп жазылат элчинин билдирүүсүндө.